Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

БШК аралыктан добуш берүү менен электрондук шайлоонун айырмасын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында аралыктан добуш берүү менен электрондук шайлоонун айырмасын түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, республика 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Шайназаров айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатканын белгиледи. Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулмакчы.
"Биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүдө шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. Негизги максат — жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу. Ошондой эле аралыктан шайлоого жол берүү элдин көбүрөөк катышуусуна түрткү болот", — деди БШК төрагасы.
Шайназаров элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачыларын белгиледи.
Мындан тышкары, 10, 20 жана 30-октябрь күндөрү республикадагы бардык шайлоо тилкелеринде жана Россиянын Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург, Иркутск шаарларында тесттик добуш берүү өтүп, ага каалоочулар катыша алары айтылды.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жогорку Кеңешке шайлоо: 30 округдан чыккан талапкерлердин тизмеси