БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 9-октябрь, бейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын жергесинде +12...+17 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.