Кыргызстанда жыл башынан бери 5 бала кызамыктан чарчап калды

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери беш бала кызамыктан чарчап калды. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Айгерим Урматбекова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Ал кызамык күчөп жатканын айтып, ата-энелерди балдарын эмдетүүгө чакырды.
“Эмдөө – бул вирустун алсыз же зыянсыз бөлүкчөлөрүн баланын организмине жайылтуу болуп саналат. Эгер бала ооруну жуктуруп алса эмделбегендерге караганда жеңил өткөрөт. Кээ бирлер диний ишенимден, айрымдары эмдөөгө ишенбегендиктен баш тартууда. Бул туура эмес. Биздеги вакциналардын бардыгы коопсуз”, — деген дарыгер Айгерим Урматбекова.
Эске салсак, өлкөдө соңку жылда кызамыктын 8 800 учуру катталган. Анын басымдуу бөлүгүн 1 жаштан 4 жашка чейинки балдар түзөт. Дарыгерлер ооруп калгандардын 94пайызы эмдөөдөн өтпөгөнүн айтууда.
Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулат. Облус башчынын убадасы