Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Бажы кызматы 9 айда бюджетке 102 млрд сомдон ашык киреше түшкөнүн билдирдиКазакстанда педофилдерге абактан чыгарына 6 ай калганда химиялык кастрация жасалмай болдуАлдыдагы шайлоодо 89 шаарда 100 добуш берүү участогу түзүлөт30-ноябрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоо учурунда 34 мамлекеттин 89 шаарынан добуш берүүгө болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жалпы жонунан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу түзүлмөкчү. "Чет мамелкеттерде 59 шайлоо участогу бар. Дагы 41 участок ачуу сунушталып жатат. Ошентип жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо участогун түзүү пландалууда", — деди Шайназаров. БШК төрагасы шайлоочуларга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү маанилүү экенин эскертти.
Бүгүн Мамлекеттик бажы кызматында төрага Алмаз Салиевдин жетекчилиги астында бажы органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген ыкчам кеңешме өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда 2025-жылдын III кварталында бюджетке 38,1 миллиард сом түштүүп, бул пландан 1,5 млрд сомго көп экени белгиленди. 2025-жылдын 9 айында бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүлөрү 102,1 млрд сомду түздү, бул пландалган көрсөткүчтөн 2,4 млрд сомго (же 102,4%) жогору. Кеңешмеде ошондой эле IV кварталга болжолдонгон көрсөткүчтөр жана бул көрсөткүчтөрдү аткарууда мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу чаралары да талкууланды. Укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча III кварталда 2423 мыйзам бузуу жана кылмыш фактылары аныкталган, анын ичинен 2266 укук бузуулар жөнүндө иш козголгон, 157 иш компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бюджетке кошумча түшкөн каражаттар 304,1 млн сомду түздү.
Казакстандын Саламаттык сактоо министри медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу «Казинформ» билдирди. Жаңы жоболорго ылайык: - химиялык кастрация жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган 18 жаштан ашкан адамдарга гана белгиленет жана соттун акыркы чечиминин негизинде жүргүзүлөт; - иш-чаралар эркиндигинен ажыратылган жерде же амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүүчү медициналык мекемеде жүргүзүлөт; - соттолгон адам бошотуларына 6 ай калганда абактын администрациясы психикалык бузулуулардын бар экендигин жана сексуалдык зомбулукка тенденциясын аныктоо үчүн соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн материалдарды сотко берет; - бул ченемдер акыл-эсине тоскоол болбогон, аныкталган психикалык бузулуулардан улам медициналык чаралар көрүлгөн соттолгон адамдарга жайылтылбайт. Маалым болгондой, буйрук 2025-жылдын 17-октябрынан тартып күчүнө кирет.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 2 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ9-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 9-октябрь, бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарын жергесинде +12...+17 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.