Кыргыз элинин турмушунда жылкы чарбасы ар дайым өзгөчө орунда болуп келген. Жылкы – кыргыздардын көчмөн жашоосунун символу, күнүмдүк жашоодон тартып, улуттук маданиятка чейин терең байланышкан. Генетик адистин айтымында, кыргыз жылкылары кылымдар бою тоо шартында калыптанган тукум. Алардын негизги өзгөчөлүгү – чыдамкайлыгы, күчтүү организми жана бийик тоолордо да жашоого ыңгайлашкан касиети. Мисалы, кыргыз аттары азыкты өз алдынча таба билгендиктен, узак кышты да жеңил көтөрө алышат. Адистер белгилегендей, кыргыз жылкыларынын генетикалык потенциалы өзгөчө маанилүү. Алардын тукумдук сапатын сактоо менен бирге, заманбап селекциялык ыкмалар аркылуу жаңы муундарды өстүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин “Ачык кеп” программасынын мейманы белгиледи.