БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын XXII саммитинде сүйлөп, анын келечегине токтолду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө жетекчиси бир жыл мурда Кыргызстан ТМУда төрагалык кылуунун ардактуу миссиясын өзүнө алганын эске салды.
"Бул биз үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгил болду. Бир жыл ичинде биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы максаттарды алга жылдырууга олуттуу салым кошууга умтулдук. Жалпысынан биздин төрагалык учурунда 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү", — деди Жапаров.
Ал экономикалык интеграция чөйрөсүндө кыргыз тарап Экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча жол картанын долбоорун даярдаганын белгиледи.
Жапаров 18-сентябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу өткөнүн өзүнчө белгилеп, ага токтолду. Бул кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы жана уюмдун өнүгүшүндөгү тарыхый кадам болуп саналарын айтты.
Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жаатында президент 2026-жылы Кыргызстанда Көчмөндөр оюндары өтөрүн билдирди.
Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын алкагында анын ачылыш аземин ШКУнун саммити менен бир убакта өткөрүү пландаштырылууда. Буга байланыштуу Жапаров делегация башчыларын аталган иш-чараларга ардактуу конок катары катышууга чакырды.
Президент Кыргызстандын төрагалык кылуу мезгилинде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон бардык мамлекеттерге рахматын айтты.
"Габала саммитинин жыйынтыгы менен төрагалык кылууну расмий түрдө аяктап, боордош Азербайжанга өткөрүп берип жатабыз. Азербайжандын төрагалыгынын алдында уюм прогрессивдүү өнүгүүсүн улантып, эл аралык аренада аброюн бекемдеп, бардык түрк элдеринин бакубатчылыгы үчүн жаңы олуттуу демилгелерди ишке ашырарына терең ишенем", — деген Жапаров.
Жыйынтыгында ал ТМУ өлкөлөрүнүн миссиясын үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.