БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрү жана географиялык жайгашуусу боюнча өзгөчө республика экенин Россия Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров айтты.
Ал Sputnik маалымат агенттигинде өткөн видеокөпүрөгө катышты.
Сенатор бир кезде Кыргызстанда кызмат өтөгөндүгүн жана элдин орус тилин жакшы биле тургандыгына суктанганын белгиледи.
"Мени таң калтырганы, элдин жашы да, карысы да орусча мыкты сүйлөгөнү болгон. Анын расмий макамы бар. Кыргызстандын жетекчилиги да элге орус тилин үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн болгон нерселерди жасайт деп ойлойм", — деген ал.
Жабаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштын бекем экендигин белгиледи.
"Республика өзгөчө санкциялык басым күчөгөн учурда маанилүү роль ойнойт. Жок, ал бизге чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам бербейт, бирок көптөгөн өз ара пайдалуу маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу өлкөнүн өнүгүшүнө чоң түрткү берди, биз муну колдоону улантабыз", — деген сенатор.