БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамсыз продукцияларга бөгөт коюу боюнча иште жасалма интеллектинин ролу өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бакыт Султанов билдирди.
"Маркетплейстерде сунушталган товарларга жүргүзүлгөн мониторинг мыкты мисал болуп бере алат. Мында жасалма продукцияларды керектөөчүнүн колуна жете электе аныктоого мүмкүн болууда", — деди министр.
Султанов өткөн жылы "бешилтик" өлкөлөрүндө мындай продукциянын 6,6 миллион даанасы жүгүртүүдөн алынганын, бул мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнөн дээрлик 15 пайызга көп экенин кошумчалады.