Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинага "Томагавк" берер-бербесин чечкенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинага канаттуу "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча бир чечимге келгенин, бирок Киев аны кандайча колдонорун билгиси келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ооба, негизи чечим кабыл алдым. Бирок курал кандайча пайдаланылып, каякка жөнөтүлөрүн билгим келет", — деген өлкө башчысы журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Трамп анткен менен Украинада абалдын чыңалышын каалабай турганын белгилеген.
Сентябрда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ак үй администрациясы Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү ыктымалдыгын талкуулап жатканын, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын билдирген болчу. Ал эми америкалык лидердин атайын өкүлү Кит Келлог азырынча бул боюнча так чечим жок экенин айткан.
Telegraph гезитинин маалыматы боюнча, Владимир Зеленский АКШ президентинен сентябрдагы жолугушууда канаттуу ракета сураган. Axios порталы бул Трамп Киевдин өтүчүнүнүн баш тарткан жалгыз пункту экенин, калган сурамы канааттандырылганын жазган эле.
WSJ гезити Ак үй башчысы Россиянын тереңине америкалык курал менен сокку урууга салынган чектөөнү алып салуу маселесин карап чыгууга даяр экенин, бирок түз милдеттеме албаганын кабарлаган.
Ал эми "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында РФ президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрү "Томагавкты" америкалык аскерлердин жардамысыз колдоно албай турганын айткан. Ал россиялык абадан коргонуу күчтөрү ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алганын, жаңы куралдын да эбин табарын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев "Томагавк" ракеталарын колдонсо РФ менен АКШнын мамилеси солгундайт