РФ элчиси менен маданият министри жолукту. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Россиянын элчиси Сергей Вакунов маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен кезиккенин элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгындагы маанилүү аспектилер боюнча пикир алмашышкан.
Вакунов Кыргызстанды “Номад” триосунун Москадагы "Интервидение" сынагына ийгиликтүү катышышы менен куттуктаган. Ошондой эле ал министрге 11-14-сентябрда Санкт-Петербургда өткөн маданият форумуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Анда тараптарды бириктирген тема Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы болгон. Элчи Россия Кыргызстан жетекчилигинин тарыхты сактоого жасаган аракетин жогору баалай турганын белгилеген. Тараптар форум руханий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, муундардын байланышын үзбөө, дүйнө элдеринин мурастарын коргоо, маданияттардын жана каада-салттардын өзгөчөлүгүн, көп түрдүүлүгүн сактоо маселелеринде чоң мааниге ээ деген пикирлерин билдиришкен.
1 / 2

Россиянын элчиси Сергей Вакунов маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен жолукту

2 / 2

Россиянын элчиси Сергей Вакунов маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен жолукту

Мындан тышкары, 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрүн өткөрүүгө даярдык, ошондой эле 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна Бишкектин төрагалыгынын алкагындагы иш-чаралардын комплекси, анын ичинде Ысык-Көлдөгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу сүйлөшүшкөн.
Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын кинематография тармагындагы ымала, анын ичинде биргелешкен кино тартуу пландары каралган.
Тараптар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды кеңейтүүнү макулдашышкан.
Россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль коет