БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схема аныкталганын УКМК кабарлады.
Маалыматта схема аталган ведомстводо электрондук аукциондорду өткөрүүдөгү коррупцияны жана ижарадан түшкөн кирешени аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын учурунда ачыкталганы айтылат.
"Маммүлк агенттигинде финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча ижарага которулган. Кийин ал каражатты жооптуу кызматкерлер баюу максатында өздөштүрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча 3-октябрь күнү аталган бөлүмдүн 29 жаштагы башкы адиси С.А.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.