БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү эртең менен алтындын биржалык баасы көтөрүлүп, тарыхый жогорку чекке жетти. Тагыраагы, трой унциясы төрт миң доллардан ашканын РИА Новости жазды.
Саат 10:27ге карата (Бишкек убактысы менен) Нью-Йорктун Comex биржасында алтын фьючерстери мурдагыга салыштырмалуу 19,75 долларга же 0,5 пайызга өсүп, бир трой унциясы үчүн 3 996,5 долларды түздү. Бул көрсөткүч сооданын жүрүшүндө 4 000,05 долларга чейин жетип, жаңы тарыхый рекорд коюлду.
Кыргызстандагы алтын
Республикада Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы да өсүүдө:
жүз граммдык куймалар — 1 147 581;
унция (31,1 грамм) — 347 933;
10 граммдыктар — 112 967;
беш граммдыктар — 57 392;
эки граммдыктар — 23 670;
бир граммдыктар — 12 473.