Мугалимдер үчүн курулган "Ак-Суу" комплекси мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курулган "Ак-Суу" борбору толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган санаторий Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон. 2012-жылы жеке тарапка сатылып кеткен.
1 / 2

Мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курулган "Ак-Суу" борбору толугу менен мамлекеттин карамагына өттү

2 / 2

Маалыматка караганда, аталган санаторий Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон. 2012-жылы жеке тарапка сатылып кеткен

"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында борбордун наркы аныкталып, 54 миллион сомго баалаган ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен мамлекетке өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган борбор Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында жайгашкан.
Сокулук: кароосуз калган 800 гектар жерди жергиликтүү бийлик ижарага берип жүргөн