Ак-Ордо конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы айтылууда

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу маалыматты бизге ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.
Ал эми ИИМдин маалымат кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Окуя 3-октябрга караган түнү саат 3 менен 4түн аралыгында болгон. Кылмышкер дарбазадан секирип кирип, үйдүн ээсин жана эжесин өлтүрүп кеткен. Шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган. Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн кесипкөй кызматкерлер кирген тергөө тобу түзүлүп, бардык камералардагы видеожазылмалар алынганы кабарланган.
Милициянын маалыматына караганда, маркум тирүү кезинде машина сатып иштеп келген. Анын автоунаасынын багажынан ири суммадагы каражат табылган.
Ак-Ордо-3төгү эки адамдын өлүмү. Үч баласын жетелей качкан аялдын видеосу чыкты