Анда кеп башынан болсун... 2001-жылы 7-октябрда америкалыктар НАТО өлкөлөрүнөн турган коалициянын башында туруп, Афганстанда "Кыйрагыс эркиндик" операциясын баштаган. Анда алар бул мусулман өлкөгө чоң салтанат менен кирген.
Алгач кыска мөөнөттүү болушу керек деп пландалганы менен бул процесс 20 жылга созулуп, АКШ афган элине тынчтык, бейпилдик алып келген жок. Тескерисинче, өлкөнү кыйратууга жетелегенге "көмөктөштү".
Аны төмөнкүчө тезис менен тизмектейбиз:
АКШнын Афганстанга киришинин расмий жүйөсү — террорчулукка каршы күрөш жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуул үчүн өч алуу;
афган элинин "эркиндиги" үчүн Вашингтон 2,31 триллион доллар сарптады. Бул — Афганстандагы аскердик катышууга гана кеткен сумма. Америкалыктар кеткенден кийин талибдерге* миллиарддаган долларлык курал-жарак калган;
2001-жылдан тартып аталган өлкөдө апийимдин өстүрүлүшү жана героин өндүрүү бир нече эсе көбөйүп, афган баңгизаты дүйнөлүк рынокторду каптаган;
2021-жылдын 31-августунда Батыш демократиясын "тез арада куруу" эпопеясы америкалыктардын Кабул жана Баграмдан уча качканы менен аяктады. Ошол күндөн баштап өлкөдө бийлик талибдердин* колуна өткөн.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл