2028-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жылы болот. Жапаровдун жарлыгы

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, залкар жазуучунун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында даярдык азыртадан башталып, президенттин жарлыгы менен бир нече багытты камтыган тапшырмалар коюлду:
2028-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды;
министрлер кабинети ушул жылдын аягына чейин мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзөт;
кийинки жылдын биринчи кварталынын аягына чейин 100 жылдыкка арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгып бекитет.
Аталган планга ылайык, төмөнкүлөрдү ишке ашыруу каралууда:
Шекер айылында жайгашкан "Чыңгыз-Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексине "Айтматов ааламы" деген аталышын кайтаруу;
аталган борбор жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүү;
чет өлкөлөрдө көргөзмө, конференцияларды уюштуруу;
адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Айтматов атындагы эл аралык сыйлык негиздөө;
Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде жарыялоо;
ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди тартуу;
Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объектилерге ыйгаруу;
"Айтматовдун 100 жылдыгы" коллекциялык алтын монетасын чыгаруу.
Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат