Президент Садыр Жапаров бүгүн Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын XXII саммитинде сүйлөп, анын келечегине токтолду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Ал экономикалык интеграция чөйрөсүндө кыргыз тарап Экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча жол картанын долбоорун даярдаганын белгиледи. Жапаров 18-сентябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын биринчи жолугушуусу өткөнүн өзүнчө белгилеп, ага токтолду. Бул кыргыз төрагалыгынын маанилүү жыйынтыгы жана уюмдун өнүгүшүндөгү тарыхый кадам болуп саналарын айтты. Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жаатында президент 2026-жылы Кыргызстанда Көчмөндөр оюндары өтөрүн билдирди. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын алкагында анын ачылыш аземин ШКУнун саммити менен бир убакта өткөрүү пландаштырылууда. Буга байланыштуу Жапаров делегация башчыларын аталган иш-чараларга ардактуу конок катары катышууга чакырды. Президент Кыргызстандын төрагалык кылуу мезгилинде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон бардык мамлекеттерге рахматын айтты.Жыйынтыгында ал ТМУ өлкөлөрүнүн миссиясын үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.
Кыргызстанга сасык тумоонун алдын алууга “Гриппол+” вакцинасы келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти Ведомствонун маалыматы боюнча, сасык тумоонун алдын алуу максатында министрлик 63 миң 734 доза “Гриппол+” вакцинасын сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Учурда вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал акысыз жүргүзүлөт жана биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар эмделет: Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана коронавирус инфекциясынын деңгээли боюнча жумалык мониторинг жүргүзүүдө. Ага ылайык, 29-сентябрдан 5-октябрга чейин республика боюнча 5341 КРВИ учурлары катталган. Бардык катталган учурлардын ичинен 60% – 14 жашка чейинки балдар.
Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрү жана географиялык жайгашуусу боюнча өзгөчө республика экенин Россия Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров айтты.Сенатор бир кезде Кыргызстанда кызмат өтөгөндүгүн жана элдин орус тилин жакшы биле тургандыгына суктанганын белгиледи.Жабаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштын бекем экендигин белгиледи. "Республика өзгөчө санкциялык басым күчөгөн учурда маанилүү роль ойнойт. Жок, ал бизге чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам бербейт, бирок көптөгөн өз ара пайдалуу маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу өлкөнүн өнүгүшүнө чоң түрткү берди, биз муну колдоону улантабыз", — деген сенатор.