Күздүн түсү кийимден башталат: сырткы келбетибиз менен мезгилди чагылдырсак болобу?

Sputnik
Күз келгенде мода дүйнөсү да өзгөрүп, жылуу жана ыңгайлуу кийимдер алдыңкы орунга чыгат. Бул мезгилде күрөң, сары, жашыл сыяктуу табигый түстөргө басым жасалат. Жакет, пальто, свитер жана жүндөн токулган кийимдер модага айланат. Көпчүлүк адамдар бул мезгилде кабат-кабат кийинип, өз стилин жаратат. Бул жылы батинке же кончусу узун бут кийимдер актуалдуу болот. Күз келгенде табият өңүн өзгөртөт, ал эми бизчи? Биз да ошол өзгөрүүнү кийимибиз аркылуу көрсөтө алабызбы? Ар бир адам күзгү стилин кантип жаратышы керек? Негизги орунда ыңгайлуулукпу же жарашыктуусубу? “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.