Президент Садыр Жапаров "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, залкар жазуучунун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында даярдык азыртадан башталып, президенттин жарлыгы менен бир нече багытты камтыган тапшырмалар коюлду: 2028-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды; министрлер кабинети ушул жылдын аягына чейин мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзөт; кийинки жылдын биринчи кварталынын аягына чейин 100 жылдыкка арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгып бекитет.
Кыргызстанда Россиянын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул маселе маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого өз ара кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, кинематография тармагындагы кызматташтык маселелери да талкууланды. Тараптар биргелешкен кино долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып, кинонун маданий дипломатиянын натыйжалуу куралы жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү экенин белгилешти. Ошондой эле алар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты. Өзгөчө көңүл 2025-жылдын сентябрь айында өткөн XI Санкт-Петербург Эл аралык бирдиктүү маданияттар форумунун жыйынтыктарына бурулду. Бул форумга Кыргызстан активдүү катышкан.
Афганстанга үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу — таптакыр жол берилгис нерсе. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Министр Афганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын VII жыйынынын башталышында сүйлөгөн. "Афганстандын аймагына жана чектеш мамлекеттерде кандай гана жүйө келтирилбесин, үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу таптакыр жол берилгис нерсе экенин тастыктайбыз", — деди Лавров. Ал эми Афганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Лавров менен сүйлөшүүсүндө Кабул америкалыктардын кайтып келишине жол бербей турганын белгиледи. Эскерте кетсек, 2017-жылы Россия, Афганстан, Кытай, Пакистан, Иран жана Индия консультациялардын Москва форматын түзүп, ага Борбор Азия мамлекеттерин кошууну макулдашкан. Биринчи жыйын ошол эле жылы апрель айында өткөн. Негизги максат Афганстандагы улуттук элдешүү жана тынчтык орнотуу процессин алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү деп белгиленген болчу. Быйыл иш-чара атайын өкүлдөрдүн, Россия, Афганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде уюштурулду. Лавровдун айтымында, ири державалардын күч структураларынын жайгашуусу өлкө аймагында жаңы кагылышууларды шартташы мүмкүн.Сентябрда WSJ гезити АКШ "Талибан"* менен "контртеррордук операциялар үчүн плацдарм" катары "Баграм" базасына америкалыктардын кайтуусун талкуулап жатканын жазган эле. Дональд Трамп да аскердик объектини АКШнын көзөмөлүнө кайтаруу талабы менен чыгып, "кесепети оор" болорун айтып опузалаган.