Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады."Сиздин жогорку мамлекеттик кызматтагы көп пландуу жана масштабдуу ишмердүүлүгүңүз ар дайым кесипкөйлүктү, принциптүүлүктү, акылмандуулукту жана стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда өзгөчө жоопкерчиликти көрсөтүп келет", — деп айтылат куттуктоо текстинде.Жапаров белгилегендей, Путиндин жетекчилиги менен Россия ырааттуу жана көп кырдуу өнүгүүдө ишенимдүү алдыга жылып баратат. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы салттуу достук мамилелер эки өлкө элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделип, кеңее берерине ишеним билдирди. "Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык байланыштарды өнүктүрүп тереңдетүүгө биринчи кезекте маани берерин белгилегим келет. Бул байланыштар бекем достук салтына, жалпы тарыхый жана маданий мураска, ошондой эле өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген. Биз эки тараптуу күн тартибинин бардык негизги аспектилери боюнча активдүү жана конструктивдүү өз ара кызматташууну улантууга дайым даярбыз", — деди президент.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамсыз продукцияларга бөгөт коюу боюнча иште жасалма интеллектинин ролу өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бакыт Султанов билдирди. "Маркетплейстерде сунушталган товарларга жүргүзүлгөн мониторинг мыкты мисал болуп бере алат. Мында жасалма продукцияларды керектөөчүнүн колуна жете электе аныктоого мүмкүн болууда", — деди министр. Султанов өткөн жылы "бешилтик" өлкөлөрүндө мындай продукциянын 6,6 миллион даанасы жүгүртүүдөн алынганын, бул мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнөн дээрлик 15 пайызга көп экенин кошумчалады.
Бир жума аралыгында эле өлкө аймагында 400 миңден ашык коопсуздук курун тагынбаган айдоочу менен жүргүнчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.Ушул жылдын 1-октябрынан тарта "Коопсуз өлкө" долбоорунун камералары коопсуздук курун тагынбагандарды автоматтык түрдө аныктай баштаган. Белгилей кетсек, айдоочу же жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса 1000 сом айып пул жазылат. Тийиштүү токтом айдоочунун колуна тийгенден кийин бир ай ичинде төлөсө 70 пайыз арзандатуу каралган.
Чүй облусу менен Бишкекте майда көмүр алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.Маалыматка караганда министрлер кабинети бүгүн "Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, көлөмү 13 миллиметрге чейин болгон көмүрдүн бардыгына тыюу салынган. "Бул фракциядагы чачма көмүр 13 миллиметрге чейинки майда көмүр бөлүкчөлөрүнөн турат. Ал арзан болгону менен көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана атмосфераны булгайт. Ошондуктан аны үй шартында колдонуу сунушталбайт", — деп айтылат маалыматта.Бирок өкмөттүн мындай чектөөсү жылуулук берүүчү ишканаларга колдонулбайт.Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, негизсиз кымбаттоонун алдын алуу тапшырылган.