Астында кулпунай өстүрүлөт, үстүндө электр энергиясы өндүрүлөт – Лейлекте 1500 адамды жумуш менен камсыздаган долбоор ишке ашууда

Sputnik
Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында өзгөчө долбоор ишке ашууда. Ал үстүндө күн күн панелдери менен электр энергиясын өндүрөт, ал эми астында айыл чарба продукциялары өстүрүлөт. Долбоорго сентябрь айында старт берилген. Кийинки жылы толук бүтүп ишке кириши күтүлүүдө. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул өзгөчө долбоор тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга “Жашыл Тилек” ЖЧКнын директорунун орун басары Али Масалиев жана “Агровольтайка” долбоорунун башкы подрядчиги Динахмед Исламов жооп берди.