Бул шайлоодо аял депутаттардын саны 40 пайызга жетиши күтүлүүдө – Жаңы шайлоо системасы кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

Sputnik
30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоодо көптөгөн өзгөрүүлөр орун алууда. Жаңы шайлоо системасы кирди. БШК активдүү түрдө санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Президент Садыр Жапаров да өз кайрылуусунда санариптештирүү, ачык-айкындык жана шайлоочулардын саясий маданиятын өзгөртүү маселесине токтолуп, бул шайлоо өлкө тарыхындагы эң таза шайлоо болушу керектигин билдирди. Бүгүнкү “Күн башат программасында дал ушул өзгөрүүлөр жана алдыдагы шайлоого даярдык кандай жүрүп жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева жооп берди.