Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын имаратын ачты. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратын ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Бишкектин чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрлик имаратта иштеп келишкенин айтып, 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иш шарттары камсыздалбаганын белгилеген.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратын ачты

2 / 7

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

3 / 7

Жапаров Бишкектин чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрлик имаратта иштеп келишкенин айтып, 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иш шарттары камсыздалбаганын белгилеген

4 / 7

Бүдөмүк болуп жаткан азыркы учур улуттук коопсуздук органдарынан жаңы ык-амалдарды жана ишке өзгөчө мамилени талап кылууда

5 / 7

Өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо, жат идеологиясын тымызын жайылткандардан сактануу, ичибизге сызып кирген чагымчыл иш-аракеттерди болтурбоо сыяктуу улуттук коопсуздугубузга, мамлекеттин туруктуулугуна залалы тие турган коркунучтуу көрүнүштөр менен алдын ала күрөшүү милдети курч турат", — деген Жапаров

6 / 7

Имараттын жалпы аянты 5 000 чарчы метрди түзүп, Түштүк магистралда жайгашкан

7 / 7

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

"Бүдөмүк болуп жаткан азыркы учур улуттук коопсуздук органдарынан жаңы ык-амалдарды жана ишке өзгөчө мамилени талап кылууда. Өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо, жат идеологиясын тымызын жайылткандардан сактануу, ичибизге сызып кирген чагымчыл иш-аракеттерди болтурбоо сыяктуу улуттук коопсуздугубузга, мамлекеттин туруктуулугуна залалы тие турган коркунучтуу көрүнүштөр менен алдын ала күрөшүү милдети курч турат", — деген Жапаров.
Имараттын жалпы аянты 5 000 чарчы метрди түзүп, Түштүк магистралда жайгашкан.
"Манас" аэропортунун жаңы аэробекети кийинки жылы салынып бүтөт. Видео