Politico: Зеленский кайра шайланууну көздөп, атаандаштарынын изине түшүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский Батыш басылмаларына курган маегинде кызматынан кетүүгө даярдыгын айтканы менен иш жүзүндө кайра шайланууну көздөп жатат. Бул тууралуу украин чиновниктерине таянуу менен Politico жазды.
Басылма бийликтин "Слуга народа" партиясынын эки депутаты менен сүйлөшкөн. Маалыматта Киев режиминин башчысы атаандаш болуучуларды азыртадан куугунтуктап, коркутууга ала баштаганы, Украина боюнча батыштагылардын оң көз карашта болушуна кам көргөн жок деп журналисттерди күнөөлөп жатканы айтылат.
Макалада Зеленский Батыш ЖМКларына бийликтен кеткиси келбейт деген кинеден оолак болуш үчүн отставкага кетүүгө даярдыгын бир нече ирет айтса да "украиналыктар ага көп ишенбей турганы" белгиленген.
Украинанын атын атагысы келбеген экс-министри Зеленскийдин кеңсеси ага каршы чыккандарга иш козгоо тактикасын колдонуп жатканын билдирди.
"Болжолдуу атаандаштарын опузалоого өтүштү", — деген маектеш.
Politiko соккуга Украинанын жарандык уюмдары да кабылып жатканын жазды. Жарандык коомчулуктун алдыңкы активисттеринин айтымында, алар көмүскө кысымга кабылууда. Ал эми өлкөнүн Коопсуздук кызматы антикоррупциялык органдарды коркутууга жана Зеленскийге жакын адамдарга карата козголгон иштерди жабууга пайдаланылып жатат.
Буга чейин Зеленский Axios порталына маек куруп жатып, Россия менен кагылышуу токтосо шайлоого барбай турганын айткан.
Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында соңуна чыккан. Аскердик абалдан жана жалпы мобилизациядан улам президенттик шайлоо жылган. Зеленский шайлоо өткөрүүчү мезгил эмес экенин айткан болчу.
Ушул жылдын февралында АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, рейтинги 4 пайызга чейин төмөндөп кеткенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркиядан Украинадагы тынчтыкка кедерги болгон нерсе тууралуу айтышты