БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Украинада тынчтык бир нече айдан кийин орношу мүмкүн, бул жерде негизги маселе Донецк Элдик Республикасына көзөмөл кылууда турат. Бул туурасында Түркия ТИМ башчысы Хакан Фидан TRT Haber телеканалынын эфиринде айткан.
"Кыязы, прогресс бир нече убакыттан, тагыраагы, бир канча айдан кийин болот", — деп эсептей турганын билдирген.
Түркиянын ТИМ жетекчиси Украинадагы кырдаалдын өнүгүшү ДЭРдеги абалга жараша болорун белгилеген. Киев ал жактан аскерлерин алып чыгып кетпей, ал эми Москва каршылаштарынын бул маселеде чегиниши керектигин айтып жаткандыгын кошумчалаган.
"Оюмда жүргөн, европалык жана америкалык ишмерлер менен жолукканда айткан альтернативалык бир канча варианттар бар. Аны менен эки тарапты кепке келтирип, маселени чечүүгө мүмкүн болмок", — деген Фидан.
Россия-Украина түз сүйлөшүүлөрүнүн үч раунду Стамбулда өткөн. Анын жыйынтыгында туткундарды алмашууга мүмкүн болгон. Аны менен катар эле Россия Киевге украиналык аскерлердин сөөгүн берген. Мындан сырткары, алар чатакты жөнгө салуу боюнча меморандумду алмашкан.
Буга чейин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Россия Украина менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкмаларды ар кыл форматта талкуулаганга даярдыгын айткан. Бирок Москва бүгүнкү күнгө чейин Киевден гуманитардык, аскердик жана саясий масалелерди кароо үчүн үч жумушчу топту түзүү сунушуна жооп ала электигин белгилеген. Бул тууралуу Стамбулдагы июль сүйлөшүүсүндө ачык жана так айтылган эле. Мындан сырткары, Владимир Зеленский РФ президенти Владимир Путиндин диалог үчүн Москвага келүү чакырыгынан баш тарткан.