"Эмнеге дайыма нааразысың". Трамп телефондон Нетаньяхуну каарыды

Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну телефондон ХАМАС келишими боюнча сүйлөшүп жатканда тилдеп, каарып өттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Эмнеге дайыма нааразысың.., түшүнбөйм", — деп ачууланган Трамп.
Ак үй кожоюнунун жинин келтирген нерсе Нетаньяхунун ХАМАСтын АКШ президентинин шарттарына көнгөнүнүн "мааниси деле жок" дегени болгон.
Ишемби күнү Израилдин өкмөтүндөгү маалымат булак Тель-Авив Газадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Трамптын планынын I этабын ишке ашыруу маселелерин талкуулоо үчүн делегация жөнөтүүгө даярданып жатканы айтылган. Бул этап Израилдин барымтага алынган жарандары менен палестиналык туткундардын бошотулушуна байланыштуу болду.
Кийинчерээк Нетаньяхунун мекемеси Газадагы абалды жөнгө салуу үчүн дүйшөмбүдө Египеттин Шарм-эш-Шейхинде Израилдин делегациясын стратегиялык пландоо министри Рон Дермер жетектеп барарын кабарлаган.
Өткөн аптанын жума күнүндө ХАМАС барымтадагыларды бошотууга жана Газаны башкарууну өткөрүп берүүгө макул болгону https://sputnik.kg/20251004/aksh-palestina-khamas-1096936359.html кабарланган.
Палестин кыймылы Трамптын планына макул болгону менен айрым пунктулар ортомчулар аркылуу талкууланарын белгиледи. Кыймыл курал-жарагын келечектеги палестин бийлигине өткөрүп бере турганы маалым болду.
Путин: Трамптын планы Палестина мамлекетин түзүүгө алып келсе колдойбуз