БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Деңиз аскерлеринин Куралдуу күчтөрүнүн Вирджиния штатындагы парадында согуштарда Штаттардын жеңиле беришин саясий сабырдуулуктан улам болууда деп мүнөздөдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Вьетнам менен болгон көйгөйдө биз жеңиш үчүн кармашкан жокпуз. Антпесе оңой эле утуп коймокпуз. Кандай гана кармаш болбосун, жеңил эле жеңмекпиз. Афганстанды деле кыйынчылыксыз алмакпыз. Бирок саясий сабырдуулукту кармап, катуу кетпейли дедик. Эми биз антпейбиз, ошондуктан жеңебиз", — деди Трамп.
Буга чейин Трамп АКШ Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кармаштарда жеңбегендигин билдирип, бирок ага ири салымын кошкон өлкө катары Кошмо Штаттарды атаган.