БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Токтогулда системалуу түрдө акча талап кылууга шектелип, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы "Нурпейилим" бала бакчасынын мурдагы башчысы Т.Э.С., Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси А.К.Б. жана С.Д.К. аттуу жарандар кармалышкан.
"Алар балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн акча талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштери мындан ары да улана турганын эскертти.