Улуттук кызыкчылыкты туу тутуп... Садыр Жапаровдун тышкы саясатына сереп

Sputnik
Өлкө башчысы кечээ жакында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөп, Кыргызстандын талапкерлигин 2027-28-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө колдоп берүүнү өтүндү. Мындай кайрылуусу менен президент БУУнун жана жалпы дүйнө коомчулугунун көңүлүн чакан мамлекеттерге бурууну көздөгөнүн белгиледи.
Садыр Жапаровдун сөзү иш-чарага катышып отургандардын көбүн ойлондура алды, өзгөчө Газа секторундагы абал жана Батыш мамлекеттеринин кош стандарты тууралуу ачык айтканы көңүл бурдурду. Бүгүн Батыш үстөмдүгүн сактап калууга далалаттанып, бир катар өлкөлөргө кысымын күчөтүп жаткан чакта Кыргызстан президентинин ачык кебин мамлекеттин көз карандысыздыгын сактап калууга умтулган катуу билдирүү деп баалоого болот.

Аймактык ченем

Кыргызстан акыркы жылдары активдүү, бирок ошол кезде тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүгө аракет кылып келет. Ийгилигин да көрүүдө. Жетишкендик эмнеден улам болуп жатканына баам салып көрөлү. Мында биринчи эле региондогу өнөктөштөр менен мамиленин жакшырышы көзгө урунат.
Кыргызстандын президенти эл аралык деңгээлге чыгар алдында өзүнө чейинкилердин тушунда көп жакшы эмес абалга келген коңшулук мамилени оңдоого күчүн жумшады. Бийликке келген алгачкы мезгилде Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен болгон алаканы жаңы баскычка көтөрө баштады. Транспорттук-логистикалык байланыштын майнаптуулугун арттыруу, жаңы каттамдарды түзүү менен сооданын көлөмүн жогорулатуу, өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү негизги маселеге айланды. Бул тармакта азыр сезилерлик жылыш бар, өсүш мындан ары да болору айкын, бул өз кезегинде кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулата бермекчи.
Албетте, Жапаровдун башкы ийгилиги — чек ара маселесинин жөнгө салынышы. СССР тарагандан кийин чек аранын айрым бөлүгү талаштуу болуп, бул багыттагы пикир келишпестик маселени чечүүгө кедергисин тийгизип келген. Бара-бара талуу маселеге айланып, ал жылдарга созулуп, чек арада куралдуу кагылыштар чыгып, адамдар өлгөн эле.
Сүйлөшүү процесси оор болду, тараптар мунасага келүүдө абдан кыйналды. Мунун баары Батыштын структуралары тарабынан уюштурулган каршылык акциялары, митингдер менен коштолду. Бирок жыйынтыгында Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жетекчилери үч мамлекеттин чектешкен жери тууралуу тарыхый келишимге кол коюп, Кожентте түбөлүк достук боюнча декларация түзүштү. 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйгө ушинтип чекит коюлду. Бул ийгилик Кыргызстан президентинин тышкы саясаттагы чоң жетишкендиги экени шексиз.
Жапаров эки тараптуу жолугушууларды да байма-бай өткөрүп турат. Жакында эле Казакстан президенти Кыргызстанга келип кетти. Сапар жылуу, боордоштук маанайда өттү. Лидерлер ынак коңшулуктун жогорку үлгүсүн көрсөттү, муну карасанатайлар үчүн чоң эле сокку десек да болот. Дегеним, акыркы жылдары социалдык тармак аркылуу казак менен кыргыздардын жаман-жакшы айтышып, бири-бирин кемсинткени көбөйүп кетти. Жамааттык Батыш тарабынан каржыланган медиаструктуралар эки элдин ортосуна от жагып коюп, карап отурат. Токаев менен Жапаровдун жолугушуусу казак менен кыргыз алдыга гана умтулган бир тууган экенин айгинелеп койду.
Регион өлкөлөрүнүн өз ара алакасын лидерлеринин жыл сайын өтүүчү консультациялык сүйлөшүүлөрү да жакшыртууда. Бейрасмий жолугушууларда көптөгөн маселе чечилет эмеспи, анын үстүнө коңшулар ынтымакта жашоону каалайт деген белги берип турат.

Тышкы контур

Жамааттык Батыш Борбор Азия мамлекеттерин бири-биринен обочолотуп, Россиядан алыстатуу аракетин улантууда. Евродипломаттар менен Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү регионго байма-бай каттап жатышат. Батыш мамлекеттеринин саясаты барган сайын катаалдап, таңууланып жатканы байкалат.
Кыргызстан элин батыштык структуралардын терс таасиринен коргоо үчүн БА мамлекеттеринде биринчи жолу чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ачык иштөөсүн талап кылган мыйзам демилгеленди. АКШнын мамлекеттик катчысы дароо Садыр Жапаровго кат жазып, мыйзамга байланыштуу "тынчсыздануусун" билдирген. Президент Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, жооп кайтарды. Батыштык структуралардын маалыматтык айдыңда бийликке жасаган кысымы өтө катуу болгонуна карабастан аталган мыйзам кабыл алынды. Ушундан кийин бейөкмөт уюмдардын иши бир аз да болсо солгундай түштү, кайдан каржыланарын жана чыныгы максаты эмне экенин ачыктагылары келген жок шекилдүү. Дурус иш жасап жаткандай көрүнгөнү менен алар чынында океандын ары жагындагы кожоюндарынын кызыкчылыгын көздөп келишкен эмеспи. Бейөкмөт уюмдардын өзүнө керектүү мыйзамдардын кабыл алынышы үчүн бийлик структураларына да таасир этип келгенин айта кетейин. Президент "сөз эркиндигинин" артына жашынып, "мамлекеттик саясатты каралап, фейктерди жайылтууга" багытталган Батыштын айрым долбоорлорун нечен ирет сынга алган.
Кыргызстан мындай чечкиндүү кадамдары үчүн санкцияларга кабылды. 2025-жылдын августунда Лондон менен Вашингтон Батыштын санкцияларын кыйгап Россияга жардам берди деген кине менен кыргызстандык банктарга, криптовалюталык платформаларга жана бизнесмендерге чектөө киргизди.
Өлкө башчысы мында да үн катып, Батыш жалган маалыматтарга таянуу менен Кыргызстанды санкциялык тизмеге киргизгенин, эч кандай далил, фактылар келтирилбегенин, башкача айтканда, санкциялар жөнсүз, негизсиз жасалганын айтты. Жапаров Дональд Трамп менен Кир Стармерге кайрылып, экономиканы саясатташтырбоого чакырды. Анын айтымында, ири державалар башка мамлекеттердин өнүгүүсүн каалабай, алардан көз каранды болуп турушуна кызыкдар. Президент Батыш мамлекеттеринин кош стандарт саясатына басым жасап, өздөрү Россия менен активдүү кызматташып, башкаларга тыюу салганына нааразы болду. Жапаровдун айтымында, муну мамелкеттин ички ишине кийлигишүү деп кабылдоого болот. Өлкө башчы экономикалык жактан Кыргызстан Россия менен кызматташпай кое албай турганын белгиледи. "Силер бизди Россия менен иштешпегиле деп жатасыңар, бирок өзүңөрдүн Москва менен соода-экономикалык байланышыңар өнүгүүдө. Биздин экономикабыз силерге караганда Россия менен алдан канча тыгыз байланышта" деди Жапаров.
Чоң-чоң мамлекеттер Батыштын жүргүзгөн саясатына нааразылыгын билдирүүдөн чочулап турганда Кыргызстандын мындай кескин билдирүүсүн тайманбаган күчтүү кадам деп баалоого болот.
Анын үстүнө Кыргызстан постсоветтик мамлекеттердин ичинен Россия негизги өнөктөшү экенин жашырбай Москваны бардык учурда колдоп-коштогон, өз ара сый-урматка негизделген достук, союздук мамилесин ачык билдирген жалгыз өлкө.
Батыш мамлекеттеринин саясатына нааразылыгын Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында, жогорку трибунадан айтканын белгиледик. Ал муну менен санкцияга кабылган көптөгөн мамлекеттин пикирин билдирди. Жапаров Кыргызстандын башка өлкөлөр менен каршылашуу ниети жок экенин, көп векторлуу саясат жүргүзүп, бүт дүйнө менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Жапаров өз сөзүндө Афганстан менен Жакынкы Чыгыш көйгөйүнө да токтолду. Афганстанга Батыштын тоңдуруп койгон 9 миллиард долларын кайтарып, Газадагы геноцидди токтотууну талап кылды. Анын айтымында, финансылык инструменттерди санкция же банктык активдерди тоңдуруу менен геосаясий оюндарга пайдалануу гуманитардык кризисти күчөтөт. Президент ушу тапта 15 миллион афгандык ачкачылыктан жабыркап жатса, 24 миллиону гуманитардык жардамга муктаж экенин белгиледи. Ал эл аралык соттук териштирүү баштоого чакырып, "тынчтык орнотуунун жалгыз жолу "эки эл үчүн эки мамлекет" принцибин ишке ашыруу экенин кошумчалап, "Палестина 1967-жылы белгиленген чек арасы менен көз карандысыз мамлекетке айланышы керек" деди.
Өлкө башчынын сөзүндө БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого чакырык ташталып, анын 15 мүчөсү дээрлик бүтүндөй дүйнөнүн тагдырын чечип жатканы айтылды. Чакан мамлекеттердин көйгөйүнө БУУ менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн Кыргызстан өзүн 2027-28-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөттү. Жапаровдун айтымында, ар бир мамлекет кеңешке мүчө болууга мүмкүнчүлүк алып, тынчтык менен коопсуздукту сактоого салым кошушу керек. Чакан өлкө болсо да Кыргызстандын тең укуктуулук жана адилеттүүлүктүн негизинде кызматташууга чакырган ачык саясаты көпчүлүккө жакын, жагат. Кийинки жылдын июнунда өтчү шайлоодо Кыргызстан колдоого ээ болушу толук мүмкүн.
Кыргызстандын өнүгүп жатканын айтып, Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоого кошкон салымын белгилеген БУУ баш катчысы Антониу Гуттериштин баасы да жакшы белги болуп саналат. Ал эми Жапаровдун 2026-жылы Бишкекте өтө турган "ШКУ+" саммитине Гуттеришти чакырганын эске алсак, Кыргызстандын төрагалыгындагы жыл абдан активдүү жана окуяга бай келерин айтууга болот.
Албетте, Кыргызстан президентинин эл аралык аренадагы аракеттерин ар кандай кабылдоого болот, бирок республика БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болор-болбосуна карабай эл аралык укук, акыйкаттык, элдин укугун коргоо жана өз ара сый-урматка, келечек муун алдындагы жоопкерчиликке негизделген көп тараптуу системаны илгерилетүүгө аракет кыла берери айкын.
Жапаров айткандай, "президент катары биринчи милдетим — элимдин жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, экономикалык абалды жакшыртуу". Дал ушул максат үчүн өлкө башчы салмактуу, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыкты коргоого багытталган батыл тышкы саясат жүргүзүүдө. Кыргызстан бардык мамлекеттер менен саясий диалог жүргүзүүгө даяр, бирок кемсинтүүгө, акылдуусунууга жол бербейт. Геосаясий олку-солкулук өкүм сүрүп, экономикалык каатчылык баш багып турганда баарына туруштук бере алуу маанилүү, андан да абийири менен болуп, кыйынчылыкка карабай эл аралык келишимдерди аткара билген ишенимдүү өнөктөш катары калганы маанилүү. Кыргызстандын президенти дал ушундай саясат жүргүзүүдө, эл аралык аренада айтып-делген сунуштары менен демилгелеринин баары өлкө имиджин эле жакшыртпастан, аны ийгиликке жетелээри бышык.
Жапаров Нью-Йорктогу БУУ жыйынында Батыштын кош стандарты тууралуу айтты