БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы Габала шаарынын эл аралык аэропортуна конгон.
Аэропортто Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилгени айтылды.
Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
"Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышат, анын алкагында аймактык жана эл аралык саясаттын маанилүү маселелери талкууланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.
Саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган Габала декларациясына жана башка чечимдерге кол коюлмакчы.