БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ушул жылдын 30-октябрынан 2-ноябрына чейинки аралыкта россиялык белгилүү режиссер Никита Михалков Бишкекте эки спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Орус драма театрынын чоң сахнасында Никита Михалков койгон "12" спектакли жана Евгений Шевченко койгон Евгений Шварцтын балдар жана чоңдор үчүн "Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" спектакли көрсөтүлөт.
Иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин бүткүл россиялык гастролдук-концерттик планына ылайык уюштурулуп жатканы белгиленген.
"12" спектакли 30-31-октябрда саат 19:00дө башталат.
"Жоголгон убакыт жөнүндө жомок" 1-ноябрда саат 16:00, ошондой эле 2-ноябрда саат 12:00, 14:00, 17:00дө болот.