Радио

Ишкерликти өнүктүрүүдө эмнеге басым жасоо керек. Экономисттердин талкуусу

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев өлкөдө ишкерликти өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын, ошону менен катар эле көйгөйлөр да бар экенин айтты.
Sputnik
Соңку жылдары Кыргызстандын экономикасы өсүү темпин сактап келет. Учурда ИДПнын көлөмү 1 триллион сомдон ашып калды. Бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы көрсөткүч экенин Авазбек Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкерликти өнүктүрүү үчүн да өлкөдө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
"Ички дүң продукциябыздын бир триллиондон ашканы — сезилерлик көрсөткүч. Ошону менен катар эле сырткы жана ички инвесторлорго да мыйзамдар жагымдуу шарттарды сунуштоодо. Салык жаатында ийкемдүү эрежелер кирип жатат. Жергиликтүү бийликтерге жерлерди трансформациялоо, инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүктөрү берилди. Мунун баары өлкөдө бизнес-чөйрөнүн өркүндөшүнө жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекеттин каалоосу да ушул. Бирок муну менен катар эле көйгөйлөр да жок эмес. Ал баягы эле соода балансынын теңсиздиги. Биз импорттон көз каранды өлкө болчубуз, дагы бул көрсөткүч чоң өзгөрүүлөргө туш боло элек. Мындай көрүнүш өлкөдө өндүрүштүн тартыштыгынан жаралууда. Биз агрардык өлкө болгонубузга карабай айрым продуктулар менен өзүбүздү камсыздай албай келебиз. Өндүрүлгөн сырьелор ошол бойдон сатылып кетүүдө. Андыктан Кыргызстандагы бизнестин келечеги кайра иштетилүүдө. Ушул багытты колго алышыбыз керек", — деди Керимбаев.
Ал эми Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов өлкөнүн соода балансын калыбына келтирүү иштеринде ишкерлик уюмдардын ордун белгиледи.
Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов
"Кыргызстан алдына чоң максаттарды койду. Биз 2030-жылга карата ички дүң продукцияны 30 миллиард доллардан ашырышыбыз керек. Демек, мында ири кадамдар жасалышы шарт. Биринчи кезекте өндүрүштү колго алышыбыз керек. Азыркы учурда ИДПнын көлөмү өскөнү менен импортко кеткен чыгым мурдагыдай эле 2,5-3 триллион сомду түзүүдө. Бул абдан чоң инфляцияларды жаратып, сомду алсыздандырат. Андыктан Кумтөрдү улутташтырып ири компанияны элдин эсебине иштеткендей көлөмдө чоң-чоң компаниялар керек. Ошол эле өндүрүш тармагында майда ишкерликтен ирилешкен бизнеске өтүшүбүз мезгил талабы болуп турат. Мындай учурда Соода-өнөр жай палатасы, ишкерлик ассоциациялар өкмөткө жакшы жардам бере алат. Алар ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда көпүрө болуу менен ишкерлерди бириктирип, акыркы маалымат менен камсыздап, ошол эле учурда алардын суроо-талабын өкмөткө жеткирип, өлкөдөгү ишкерликти илгерилетүүгө салым кошушат. Бул үчүн мындай уюмдар өздөрүнүн жасаган ишин көрсөтүшү керек. Ошондо ишкерлер да, өкмөт да аларга ишеним артат", — деди Мамытов.
Экономисттер ишкерликте кайра иштетүү тармгын жандандыруу үчүн маалымат жеткирүү, заманбап технологияларды жайылтуу кадамдары учур талабы экенин кошумчалашты.