БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда афган баңгизаттарын ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеменин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн атайын операциянын алкагында Афганстанда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү баңгизатты аткезчилик менен ташып, андан ары башка өлкөлөргө өткөрүүгө шектелген кылмыштуу топ кармалган.
© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КР
"Уюшкан кымыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы Т.Н., 36 жаштагы Х.Б. жана 51 жаштагы Т.С. аттуу жарандар кармалды", — деп айтылган маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алар сатууга даярдаган 4 килограммдан ашык апийим алынган.