БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы адам өлтүрүү боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, кылмышкер түнкү саат 3-4төр ортосунда үйгө дарбазадан секирип кирген.
“Үй ээси каршылык көрсөтсө керек, аны жана тууганын бычактап кеткен. Азырынча уурулукпу же башкабы, себебин аныктап жатабыз”, — деди Абдиев.
Учурда шектүү изделип жатат. Кесипкөй кызматкерлер кирген тергөө тобу түзүлдү. Бардык камералардагы видеожазылмалар алынып, жеринде 100 милиционер иштеп жатат.
Маркум тирүү кезинде машина сатып иштеп келген. Анын автоунаасынын багажынан ири суммадагы каражат табылганын милициядан кабарлашты.