Зилзала ушунчалык катуу болгондуктан Москвадагы жер кыртышы жылып да кеткен. Ал мезгилдеги расмий маалыматтарга таянсак, бул кырсыктан 25-30 миң адам көз жумган. Бирок соңку изилдөөлөр ал зилзала 110-170 миңге чукул кишинин өмүрүн алганын көрсөттү.
Ошол кезде башына азап түшкөн түркмөндөргө совет эли жапа тырмак жардамга келген. Баш калааны 1949-жылдан тарта калыбына келтире башташкан.