Өлкөдө пластикалык хирургия акыркы жылдары кеңири өнүгүп, эл арасында барган сайын популярдуу болуп жатат. Медициналык технологиялардын өнүгүшү, чет өлкөдөн тажрыйба алган адистердин көбөйүшү бул тармакты сапаттуу деңгээлге чыгарууда. Пластикалык операциялардын эң кеңири түрлөрү — мурун оңдоо(ринонопластика), бетти тарттыруу жана дене түзүлүшүн оңдоо болуп саналат. Бул кызматтардын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөн да бейтаптар келишет. Пластикалык хирургия коопсузбу? Операциядан кийин эмнелерге көңүл буруу керек? Ар бир каалаган адамга жасай берсе болобу? Психологиялык даярдык канчалык маанилүү? Ушул жана башка суроолорго Кыргыз пластикалык хирургиянын президенти, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пластикалык хирургу Султан Тукешовдон жооп ала алдык.