Кыргызстанда жатын моюнчасынын эрозиясы менен жабыркаган аялдардын саны өсүүдө. Бул диагноз жаш кыздар жана өспүрүмдөр арасында да көп кездешип жатканы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Гүлжан Жалиева билдирди. Адистин айтымында, өз убагында аныкталбай жана дарыланбай калган жатын моюнчасынын эрозиясы келечекте онкологиялык же жугуштуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Жатын моюнчасынын рагынан сактануу үчүн 16 жашка чейинки кыздарга вакцинация жүргүзүлүп келет. Бирок, дарыгер белгилегендей, көпчүлүк ата-энелер кыздарын эмдетүүдөн баш тартышууда. Мунун негизги себеби — маалыматтын жетишсиздиги жана так түшүндүрмөнүн жоктугу.Мындан тышкары, 45 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында эмчек рагынын саны да өсүүдө. Бул медиктерди тынчсыздандырууда. Адистер эмчек рагынын алдын алуу үчүн ар жыл сайын маммологго көрүнүп, анализ тапшырууну сунушташат. Ошондой эле, оорунун алгачкы белгилерин көз жаздымда калтырбай, дарыгерге өз убагында кайрылуу керектиги эскертилди. Эске салсак, 1-октябрдан тарта өлкөдө «Аялдардын саламаттыгы» айлыгы башталды. Иш-чаранын алкагында 18 жаштан жогорку аялдар эрте диагноз жана оорунун тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алышат.
Казакстан жана Кыргызстан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБдин тышкы чек арасында өткөрүлгөн транспорттук контролдун жыйынтыктары боюнча маалымат алмашууга кошулат. Бул чечим Алматы шаарында өткөн «NEW SILK WAY» II эл аралык транспорттук-логистикалык бизнес-форумунун алкагында кабыл алынды. "Дүйнөлүк жүк агымдарынын түзүмү, жеткирүү чынжырлары жана эл аралык автожүк ташуулардагы процедуралар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ошондуктан көзөмөл органдарынын жетекчилеринин диалогун калыбына келтирүү — бул интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам", — деп айтылат маалыматта. Аталган система ЕАЭБге жүк ташуучу унаалар кирген учурда улуттук ыйгарым укуктуу органдардын контролун натыйжалуу жүргүзүүсүн камсыз кылууга багытталган. Учурда мындай маалыматтык алмашуу Россия менен Беларус арасында жүргүзүлүүдө. Талкуунун жыйынтыгында Казакстан жана Кыргызстан да 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул долбоорго кошулары чечилди. Ошондой эле жолугушуунун алкагында ЕАЭБде электрондук эл аралык транспорттук документтерди киргизүү боюнча эксперимент жана оор салмактуу жана чоң габариттүү унаалар үчүн электрондук уруксаттардын берилүү маселелери каралган.
Сузак районунда Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Жалал-Абад облусундагы имараты 1982-жылы курулуп, 43 жылдан бери биринчи жолу толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап шарттарга жооп берген абалга келтирилди. Бул борбор, дыйкан-фермерлерге, айыл чарба өндүрүшүнө заманба