БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Петровка айылындагы №8 колонияда жазасын өтөп жаткандар кофе жасоо адистигин үйрөнүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Мекеме бул кесип боюнча класстын ачылганы соттолгондорго кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүдө жана алардын коомго кайтып келиши үчүн шарттарды түзүүдөгү жаңы кадам болгонун белгилеген.
Бүгүнкү күндө соттолгондор 23 тармак боюнча билим алып, мамлекет тарабынан таанылган сертификаттарды ала алышат. Бул алардын кийин коомго аралашып, жумуш таап кетишине шарт түзөрү кошумчаланды.