БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы салынган "Булак" ден соолукту чыңдоочу комплекси менен Барпы Алыкулов атындагы жаңы паркты ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Булак" спорт комплексинин курулушу былтыр жайында башталып, быйыл күздө толугу менен бүткөн. Ичинде олимпиадалык үлгүдөгү бассейн, заманбап фитнес-зона, эс алуу аянттары бар. Имарат мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде салынып, ага 202 миллион сом сарпталган.
Өлкө башчы Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы парктын да ачылыш аземине катышкан. Сейил бактын аянты 26 миң чарчы метрди түзөт. Каралбай калган парктын ичине азыр воркаут-зона, балдардын оюн аянтчасы, унаа токтотуучу жай, мини-футбол талаасы салынганы кошумчаланды.