БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош шаарында бийиктиги 95 метр болгон туу көтөрүлүп, иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Салтанатта президент мамлекеттик туу Кыргызстандын көз карандысыздыгынын, эгемендигинин, элдин биримдигинин ыйык белгиси экенин белгилеген.
"Чет өлкөгө болгон иш сапарларда, дипломатиялык жолугушууларда, спорттук мелдештерде, эл аралык маданий иш-чараларда кыргыз туубуз ар дайым бийик желбиреп келет. Мына ушул сыймыкты сезе билели, дөөлөттү көтөрө билели", — деген өлкө башчы.
Калаада Ош шаарынын 3025 жылдыгы да белгиленип, Садыр Жапаров шаар Кыргызстандын экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ экенин, быйыл Ош шаарын өнүктүрүүгө 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөнүн белгилеген.
"Бул да болсо мамлекетибиздин Ошко жасаган өзгөчө мамилеси, элибиздин турмушун жакшыртууга болгон камкордугу. Максатыбыз көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо болуп саналат. Биз мындай камкордугубузду мындан ары да улантабыз", — деген президент.