Ош шаарынын Кең-Сай конушунда көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салына баштады

Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Кең-Сай конушунда көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салына баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мэр Жеңишбек Токторбаев курулушту баштап берип, мезгил кутучасы салынды. Калаа башчысы бул жерге 5 кабаттуу үйдөн бешөө салынып, 45 батир болорун белгиледи. Алар мэриянын "Тазалык", "Жашыл чарба" ишканаларында аз айлык алып иштегендерге, батирден батирге көчүп жүргөн жарандарга берилерин кошумчалаган.
Кең-Сай Ош шаарындагы жаңы конуш болуп саналат. Мэр 14 жыл мурда бул жерге жаңы конуш салынсын деген өкмөттүн токтому чыгып, бирок долбоор соңуна чыкпай калганын айткан.
"500 гектар жер бөлүнүп, мэрия үч миңден ашык үй курушу керек болчу. 14 жылдын ичинде бул жерге 87 гана үй курулган. Себеби бул жерде суу, электр жарыгы тартылган эмес, конушту салууга бөлүнгөн акча уурдалып, тонолуп кеткен", — деген Токторбаев.
Конушка мектеп, бала бакча салынары да кошумчаланды.
Ош шаарында бийиктиги 95 метр болгон туу көтөрүлүп, аземге Садыр Жапаров катышты