БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жаңы аэробекетиндеги курулуш иштерин 2026-жылдын жайында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.
Жаңы салынып жаткан объектиге курулуш министри Нурдан Орунтаев барып, аэропорттун жетекчилиги менен бирге иш кандай жүрүп жатканына мониторинг жүргүзүшкөн.
"Заманбап аэробекет комплексинин курулушун аяктоо 2026-жылдын жай айына пландаштырылган. Бардык иштер аяктагандан кийин "Манас" аэропорту эл аралык стандарттарга толук ылайык келген жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу, технологиялык жактан ыңгайлуу болуп калат", — деп жазылат маалыматта.
Ишкана аэробекет салынып бүткүчө жүргүнчүлөр менен конокторго ыңгайсыздык жараларын айтып, учурда аэробекетке жүргүнчүлөр гана киргизилип жатканын эске салды.