Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленген Гүлчөдө көргөзмөлөр менен таанышып жүрүп президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы датканын медресесин калыбына келтирүү маселесин колдой тургандыгын билдирди. Мамлекет башчысынын бул сөзү аталар тарыхын сыйлаган муунга кыйла дем берди. Бул эмне деген медресе эле? Кантип бузулуп кетти? Эми кантип кайра тикелешибиз керек?!
Ушу тапта Өзбекстанда туристтердин агымын жылдан-жылга көп тартып, өлкөнүн кадыр-баркын арттырып, казынасына оңбогондой акча түшүрүп жаткан тарыхый жайлар – Самарканд, Хива, Бухара жана Намангандагы эски медреселердин оңдолгон жаңы имарттары. Адистер ушул имараттар чындап ошол эски жайлардын так өзүбү же көчүрмөсүбү, деги ошондо ушундай жылтырыган мармарлар болгонбу деп талашып келет. Албетте, өзгөргөн, көп нерсе өзгөргөн... Бирок туристтер эски шаарды көрдүк деп келип-кете берет экен...
Наманганда Молдо Кыргыз медресеси деген бар, кезинде Нурмолдо сыяктуу кыргыз балдар да окуган. Кеңеш өкмөтү чыгып большевиктер менен антисоветчилер бийлик талашканда медересеге кайсыл жагы болбосун качып кирип, дубалдарын октор тешип, ичи өлүккө толгон. Коммунисттер күчтөнүп, динди биротоло жок кылабыз, диндин очогу ушул медреселер деп Саидкулбектин медресесин таш-талкан кылып, Атауллахан төрөнүн мечитин винзаводго айландырабыз деп турганда, 1937-жылы, кезек Молдо Кыргыз медресесине келет. Бузгучтардын алдына кайдан-жайдан келгени белгисиз, сталин кепка кийген бирөө чыга калып: "1918-жылдын 5-майындагы Лениндин "Архитектуралык баалуу объектилерди сактоо тууралуу" декретине ылайык, бул имаратты буздургандар жана бузгандар жолдош Сталиндин алдында керт башы менен жооп берет. Бул жерден жакшылыкча тарагыла!" – деп кыйкырыптыр. Ошол жылдарда Лениндин, Сталиндин атын укканда ким эле каршы болсун. Ошентип Наманган шаарынын тарыхый мурасы сакталып, 2011-жылы реконструкцияланып, ЮНЕСКОнун тарыхый баалуу мурастар тизмесине киргизилген.
Ал эми Алымбек датканын Оштогу медресесин өзүбүз, өз колубуз менен кечээ, Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин, 1945-1950-жылдардын аралыгында эле бузуп бериппиз. Аттиң, дагы бир отуз жылдай туруп бергенде эмне, андан ары сактап кетмек экенбиз.
Бизде да жакшы башталыштар бар: Бурана жана Өзгөн мунараларын кулай турган жерден реставраторлор сактап кылышты, жакында эле Кадамжайдын Кысык деген жериндеги Чоң-Кара-Дабандагы үңкүрдө жайгашкан Молдо Нияздын медресеси оңдолду. Эми Оштогу Алымбектин Ак медресесин ордуна коюу милдети турат. Кандай болсо ошондой коюу кыйындыр, бирок жаңы технологияларды колдонуп, эски менен жаңыны айкалыштырып бирөөлөрдүн бузганын биз тургузуубуз керек.
Тарыхты карап көрсөк, 1830-жылдардан тартып эле Асан бий уулу Алымбек Ошко медресе салууну ойлоп жүргөн сыяктанат. Ошол кезде Кокондо Умар хандын апасы Иззат-бүбү салдырган "Миң айым" медресеси, хан зайыбы Махларайым (Надира) салдырган эки медресе абдан билимдүү, тарбиялуу жаштарды чыгарып жаткан. Алымбек Асан бий уулу ошолорду жана Кашкар, Самарканд, Бухара, Ыстамбул шаарларындагы мечит-медреселерди көрүп чыккан, алардын мемарлары менен сүйлөшкөн. Ал Оштогу медресе курулушун болжолу 1844-жылдарда баштап, алты жылда, 1850-жылдары бүткөн. Ошто ошол кезде Анжияндын казы-ханы болгон Иса датканын (Жээнбеков) медресеси болгон, ал 1838-1839-жылдарда азыркы Асаф ибн Бурхия күмбөзү турган жерге салынган. Анын жума намаз окулуучу Жаами мечити да жанында эле. Дагы бир чоң медресе 1837-1838-жылдарда салынган Мухаммед Сыдык Ахун Аглам дамбылданын медресеси. Ал эми Акжолбайдын медресеси 1841-1842-жылдарда курулган. Акжолбай Адинбаевдин бул медресеси Оштун базары менен чектешип турган. Негизи ушул үч чоң медресе иштеген (Мухаммедбай Түрк Хал Муратбаевдин медресеси кийин, 1874-1875-жылдарда салынган). Ошол жылдарда атактуу байлар мечит-медресе салуу менен балдардын келечегине, ислам окууларын жайылтууга өзгөчө кам көрө баштаган. Алымбек бек болуп турган Анжиян шаарына Кокон хандыгынын кушбеги Калбек, Анжиян акими Рахмункулу бай, дагы бир Азиз эшен калпа деген кишилер, Мусулманкул миң башы да бирден чоң медреселерди мечити менен салып таштады. Ар ким өз жерине тартат деген ушул да. Анжияндан Ош бул жагынан калып кетип жатат, Алымбек эң биринчи Ошту ойлоду.
Медресеге орунду мурдатан эле ойлонуп келген болуу керек, анан да өзү бир кезде окуган Кашкар медресесинин мемары Ахматбек ибн-аль Курбани кожого барды, Самарканга атактуу мемар, кыбачы Камал ибн-аль Кадыруллага барды. Аларга имараттын ордун көрсөттү. Ак-Буура суусунун оӊ жээгинен, чыгыш тарабынан, Борбордук базарга Кара-Суу жактан келип дарыяга жетпей имерилиш болгон жер тандалды. Шыпты тиреген түркүктөрү жүз жылдан ары жашаган арчадан болуп, астына кайракы ак таш жаткырылып, оймо-чийме менен аземделген. Дубалдары бышкан кыш менен урулган, ал кыштарды согуштан кийин эл талап кеткен, азыр да кимдир бирөөлөрдүн имарат жайларында турса керек. Медресе кооздугу, актыгы менен адамдарды өзүнө тартып, "ак медресе" аталып, тышынан баары төп келген симметриялык композицияны түзүп, жалпысынан архитектуралык жактан алдындагы агып жаткан Ак-Буура дайрасы жана түштүк-батыш тарабындагы Сулайман-Тагы менен бир ансамблге бириккен. Төрт жагында төрт купасы, алдындагы эки бурчунда эки мунарасы болгон, мунаралардын ар биринин бийиктиги он беш кулачка жеткен. Ага чыгып, сопулар намазга чакырып азан айтканда жамы Ошко гана эмес, бери жагы Кашкар-Кыштак, Кыргыз-Чек, ары жагы Гүлбаар, Жапалак, Учар, Төлөйкөн кыштактарына чейин угулган. Имарат эки кабат болуп, шыбы бийик курулган, талабалар (окугандар) экинчи катарга айланма тепкич менен көтөрүлүшкөн. Сабак өтүлүүчү дарсканалары, намазканасы, кең жана кооз түркүктүү айбандары, серүүндөп отуруучу чарпаялары, мутавали канаасы, мударисканалары жана 28 чакан бөлмөдөн турган жатак жайлары – үжүрөлөрү ошол эле имартта болгон. Жатаканада үч мударис, 80-100 талаба үчүн жай курулган. Медресенин дал алдынан базар тарапкө өтүү үчүн Ак-Буурага асма көпүрө да салынган. Окуу жайынын алдындагы сууда ак куулар, өрдөктөр, чулдуктар каршы-терши сүзүп жүргөн, түнү асмандагы айдын көлөкөсү түшүп, көлмө балдардын маанайын көтөрүп башкача бир кооздук тартуулаган. Медресе жанында мечити да болуп, жума намаздар, айт намаздар ошол жерде окулган.
Медресенин башчысы (мутавалиси) ошол кездеги ислам дини боюнча көрүнүктүү аалым жана Кашкар, Бухара медреселеринде окуган билимдүү адам катары Асан бий уулу Алымбек датка өзү болгон. 1862-жылы ал кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн соң мутавалилик кылуу Оштун акими, бакма баласы Жаркынбайга өтөт. Жаркынбай 1865-жылы орустар басып киргенде Ташкенттин алдынан тосуп чыккан алаамат согушта шейит кетип, андан соң он жылдай Алымбектин чоң уулу Абдылдабек ээлик кылат. Андан кийин ал да чет жакка сүрүлүп, медресенин ишин Камчыбек карап калат. 1894-жылы Камчыбек дарга асылгандан соң медресеге ээлик кылуу Курманжан даткага берилет. Медреседе 1880-жылы 75 бала окугандыгын, ал жерди Алымбектин уулдарынын бири Баатырбек башкарарын жазган маалымат кездешет. Француз саякатчысы Пьер Габриель Бонвало 1887-жылы Алымбек жана Курманжан даткалардын уулдары Баатырбек, Маамытбек, Камчыбек менен кездешкендигин, а түгүл алар жол баштап жүргөндүгүн, Баатырбек сабаттуу, тез окуп, тез жаза билерин эскерет. 1907-жылы И.П.Ювачев медресе башчысы Асанбек экендигин жазып кеткен.
Албетте, чоң проблема медресени, анын мударистерин, талабаларын отун-суу, азык-түлүк, окуу каражаты менен камсыздоо, чачтарачкана, мончолорун, жайыттарын малы менен кармап туруу болгон. Алгачкы жылдарда имарат куруу, усталарды иштетүү чыгымын Алымбек бүт өзү көтөргөн. Анын Ош, Анжиян, Бухара, Кокон, Кашкар сыяктуу шаарларда соода-сатык дүкөндөрү, устаканалары болуп, алардан түшкөн каражат медресе муктаждыгына жумшалган. Алайда короо-короо жылкысы, койлору мударистерге жана талабаларга союлуп келип, адал эт жешкен, сүт, кымыз ичишкен, май-каймак жешкен, өздөрүнүн наабайканалары болгон. Датканын кербендери да балдар үчүн китеп, кийим-кече ташып келген. Оштогу майжубаз, акжуваз, жибек, жүн, пахта, тери иштетүүчү чакан ишканалардан түшкөн каражаттардын да бир бөлүгү медресе чыгымдарын толтурууга кеткен. Ислам дининин шарияттарына негизделген өлкөлөрдө медреселер мамлекеттен вакуп алган, б.а. медресеге караган жер-суу, мүлк вакуп деп аталып, алардан эч ким эч нерсе кымтып же уурдап кала алган эмес, эсеп өтө так жүргүзүлгөн. Вакуп — диний кор, эч ким кол салгыс казына. Вакупга бийлик салык да салган эмес, сатууга жана сатып алууга мыйзам такыр жол берген эмес. Алымбек Кокон ханы менен каршылашып турганда да, каза болгондон кийин да, балдары орус падышачылыгы тарабынан дарга асылып, сүргүн кылынганда да, шариятка ылайык, вакуп мүлктөрүнө Кокон хандыгы да, Россия бийлиги да тие албаган, андагы каражат толугу менен медресеге гана жумшала берген. Алымбек датка Ак медресе үчүн 1859-жылы Кокон ханы Шах Мураддан атайын чечим чыгартып, вакуп-нааманы жаздырып 10 000 танап (1825 гектарга барабар) жер ээлигин вакуп катары алган эле, ошол жерди, бир нече дүкөнүн жана устаканаларын, малын медресинин вакубуна өткөрүп берген. Медресенин вакуп жерлери Ошко жакын, кийин Алымбек чек деп аталган Чын-Абад кыштагында, Ак-Буура башы Папанда, Ноокаттын күн чыгыш жагы Көк-Белде да болгон. 1877-жылы медресенин карамагында 71 соода жайы жана устаканасы болсо, 1882-жылы ага дагы тогузу кошулган, 1906-1907-жылдары алардын саны 120ны түзгөн. Ошол доорду эске алганда Алымбек медресеси Фергана өрөөнүндөгү эң бай билим берүү уюму эле.
Медресеге жылына орточо 1,5 миң сом каражат бөлүнүп турган, бул акчага ошол кезде 600-700 кой келген. Вакуп каражатынан 50%ы – медресени кармоого, 20%ы – талабаларга, 15%ы – мударистерге айлык акыга, 5%ы – мутавалиге, 5%ы – имамга, 5%ы азанчыга жана кароолго бөлүнгөн. Талабаларга стипендия да берилген. Орозодо ооз ачыруу, жетим-жесирлерге каралашуу да ушул вакуп мүлкүнөн каралган. Медресе үч жылдык болгон. Эң мыкты бүтүрүүчүлөрү кийин окуусун улантуу үчүн Бухара, Самаркан, Ташкент, Кокон, Тегеран, Дамаск, Багдад, Ыстамбул, Кашкар, Мекке, Каир сыяктуу ири калааларга жиберилип, алар да вакуп эсебинен каржыланып турган.
Мударис катары араб өлкөлөрүнөн келген Хаджи-Мухаммадди (Хаджимамат-алам), Марипхан төрө, Кашкардан келген Акматнур уулу Хати кожо, өзүбүздөн Молдо Үсөн, Молдо Нияз сыяктуу атактуу аалымдар иштегени айтылат.
70 жылдай (1850-1920) иш алып барган бул медреседе жылына 50дөн 120га чейин бала окуган, мисалы, 1880-жылы 75 талаба окуп жаткандыгы жазылып калган. Ошондо орточо бир жылда 30 бала бүтүрүп чыгат дегенде да бул медресе 2100дөн ашык балага билим жана тарбия берген. Алардын көбүн согуштар, большевиктик бийлик, сталиндик репрессия жок кылды. Канча бир билимдүү адамдар заман каарынан азап тартты.
Эми ошол Алымбектин медресесин кайра тикелей алабызбы?
Жакында Ташкенттин Азирети Имам комплексинин аймагындагы 7 гектар жерге Ислам цивилизация борбору курулуп, ачылды. Эми керемет! Кымбатка бүттү. Жалпысы маданий-илимий жана агартуучулук комплекс деп аталып, ислам цивилизациясын даңазалаган музейден, илимий изилдөөчүлүк лабораториялардан, китепканадан, заманбап конференц-залдан турат экен, ага барар жолдогу өзбек маалаларын да эскиче бойдон оңдоп-түзөп койду, алар туристтер үчүн көрөр жайлар, белек дүкөндөрү болуп калды.
Биз да Алымбек датканын медресесин куруп алсак (калыбына келтирип дей албай жатамын) мына ошол Ташкенттеги Ислам цивилизация борбору сыяктуу бир тарыхый-маданий жай болот эле...