Азырыкынын алп дирижеру Рахатбек Осмоналиев

Sputnik
Теңир тоолук жигиттин чоң сахнаны багындырып, дүйнөлүк музыканын корифейлеринен билим алып, тарыхтаалтын тамга менен аты жазылган А.Жумахматов Кыргыз мамлекеттик академиялыксимфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру болгону тууралуу каарманыбызөзү баяндап берди.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, КалыйМолдобасанов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториясынын мугалими Рахатбек Осмоналиев бүгүнкү кыргызклассикалык музыкасынын сактоочуларынын бири .