Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
2026-жылдан тарта бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө макамы бар чек арадагы аймактардын тургундарынын үч жашка чейинки балдарына ай сайын 3 000 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ай сайын берилүүчү "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөк пулун төлөө боюнча токтомго кол койгону айтылат. Жаңы тартипке ылайык, 3 000 сом үй-бүлөдөгү үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага үч жашка чыкканга чейин берилип турмакчы.
Кыргызстанда быйылкы жылдын 8 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 252 млрд 500 миллион сомду түздү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өсүү темпи 102,4 пайызга жетти. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайында 68 млрд 700 млн сомдук продукция чыгарылып, 144,4 пайыз өсүшкө жетти. Белгиленгендей, акыркы 2-3 жылда дыйкан-фермерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор өз жемишин бере баштады.
Петровка айылындагы №8 колонияда жазасын өтөп жаткандар кофе жасоо адистигин үйрөнүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Мекеме бул кесип боюнча класстын ачылганы соттолгондорго кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүдө жана алардын коомго кайтып келиши үчүн шарттарды түзүүдөгү жаңы кадам болгонун белгилеген. Бүгүнкү күндө соттолгондор 23 тармак боюнча билим алып, мамлекет тарабынан таанылган сертификаттарды ала алышат. Бул алардын кийин коомго аралашып, жумуш таап кетишине шарт түзөрү кошумчаланды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Благовещенка айылында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган эстелик кайрадан жаңыланып, элге тартууланды. Бул тууралуу "Жеңиш эстеликтери" долбоору билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл май айында долбоор тарабынан интерактивдүү карта ишке киргизилип, ага мурдагы СССР аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 33 миң эстелиги киргизилген. Мындан улам эстеликтерди сактоо жана калыбына келтирүү иштери белгилүү даталарга же майрамдарга гана эмес, жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Благовещенка айылындагы монументти жаңылоо иши "Славян диаспорасы" ассоциациясынын, Кыргызстандын элдер ассамблеясынын жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен ишке ашкан. Иш-чаранын соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү долбоор катышуучуларына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшырды.