БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Сокулукта (Чүй облусу) кароосуз калган 795 гектар жерди жергиликтүү бийлик ижарага берип жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында "системалык каттоо" иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз калган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй, ижарага берип келишкен. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөөнүн алкагында мыйзам бузууларга жол бергендердин аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге катышкандарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.