БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү маселеси референдум аркылуу чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Журналист "зөөкүрлөргө өлүм жазасын киргизүү сунушталгандан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары соттор менен укук коргоо органдарына ишеним төмөн экенин белгилешип, мунун артынан күнөөсүздөр өлүмгө кириптер болуп калышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Өлүм жазасы күнөөсүздөргө чыгып калышы мүмкүнбү?" деген суроону берген.
Жапаров азыр XXI кылым — технологиялардын кылымы деп белгилеп, күнөөсүздөр жазаланбаш үчүн жол-жобосун адистер иштеп чыгышарын билдирген.
"Тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилденип, сот процесстери түз көрсөтүлөт. Бул жагы жетимиш өлчөнүп, бир кесилет. Зөөкүрлөр жаш балдар-кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүүдө. Жазаны күчөтүү менен бул токтойт, токтобосо дагы кыйла азаят", —деген президент.
Ошондой эле өлүм жазасы балакатка жете электерди өлтүрүп, зордуктагандарга карата гана колдонуларын айткан. Коррупционерлерге мындай өкүм чыгарылбайт. Жапаров мындайда күнөөсүздөр эң оор жазага кириптер болуп калышы мүмкүн экендигине токтолгон.
Мындан тышкары, Конституциянын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынганын белгилеген.
"Ага өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга коюлуп, Конституциялык соттун корутундусу менен референдумга чыгарылып чечилет. Андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, азыр иштеп жаткан кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек. Маселени бийлик өзү билип чечпейт. Эл менен кеңешет", — деген Садыр Жапаров.