Кыргызстан Афганстанга кезектеги 130 тонна гумжардамды жеткирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстан Афганстанга кезектеги 130 тонна гумжардамды жеткирди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Анда азык-түлүк, жылуу кийим, оюнчуктар жана тиричиликке зарыл болгон оокаттар бар. Буга 6,8 миллион сом бөлүнөрү айтылган.

"25-сентябрда Ош шаарынан ӨКМдин гумжардам кербени Афганстанга сапарга чыкты. Анын курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 миллион сомдук балдардын жылуу кийим-кечеги жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирди. 28-сентябрда Мазари-Шариф шаарында гуманитардык жардам тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы жылдары республика жалпы жонунан афган элине 360 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөткөн.
Жапаров Газадагы согушту токтотуп, Афганстандын активдерин кайтарууга чакырды