БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 2026-жылды КМШда Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо демилгеси Тажикстандын Душанбе шаарында көтөрүлдү. Анда КМШ мамлекеттеринин Саламаттык сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин 36-жыйыны өткөнүн тиешелүү министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2-3-октябрда болуп, ага министр Эркин Чечейбаев катышты. Жолугушууга КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери, тиешелүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен. Кеңеш — КМШ жарандарынын ден соолугун коргоо боюнча тажрыйба алмашуу, макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн негизги аянтча.
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, санариптик технологияларды жана инновацияларды медициналык практикага киргизүү талкууланган.
"Өзгөчө көңүл рак, кургак учук, кант диабети менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле 2026-жылды КМШда Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо демилгесине бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда Чечейбаев баштапкы медициналык жардамды реформалоонун жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасаган. Кеңештин жыйынтыгында 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилип, КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусун мындан ары чыңдоого багытталган документтерге кол коюлган.