БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагынын баш байгесин жеңип алган Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Үмөталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Министрлик, андан тышкары, ар бир предмет боюнча жеңүүчү аталган 10 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылганын билдирди. Сынактын республикалык этабы 22-24-сентябрда Бишкекте өтүп, ага 111 талапкер катышкан.
Азирет Асылбеков – "Тарых боюнча мыкты мугалим", Аламүдүн районундагы Турсуматов атындагы мектептин мугалими
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Предметтер боюнча мыкты аталган 10 мугалимдин тизмеси:
Ардак Токтоноева – "Мыкты башталгыч класстар мугалими" наамынын жеңүүчүсү. Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
Озада Салахудинова – "Орус тили жана адабияты боюнча мыкты мугалим", Ош шаарындагы Бабур атындагы мектептин мугалими;
Азирет Асылбеков – "Тарых боюнча мыкты мугалим", Аламүдүн районундагы Турсуматов атындагы мектептин мугалими;
Зулхумор Хафизова – "Адам жана коом сабагы боюнча мыкты мугалим", Ош шаарындагы Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
Махабат Шорохова – "Чет тил боюнча мыкты мугалим" наамынын жеңүүчүсү, Өзгөн районундагы Тангатаров атындагы жалпы билим берүүчү жатак мектептин мугалими;
Эрали Абдиев – "География боюнча мыкты мугалим", Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жалпы билим берүүчү жатак мектептин мугалими;
Надира Шаршенбаева – "Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мыкты мугалим", Кочкор районундагы Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
Кубанычбек Урпалыев – "Музыка сабагынын мыкты мугалими", Тоң районундагы Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
Асылбек Кыдыров – "Дене тарбия боюнча мыкты мугалим", Түп районундагы Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
Айнура Чынасылова – "Көркөм сүрөт искусствосу предмети боюнча мыкты мугалим", Ысык-Көл районундагы Пушкин атындагы мектептин мугалими.